Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Динара Акулова "Обон салат"

Кызыгып шаң менен өткөн күндө,
Кызганып жылдыздуу, айлуу түндө.
Өзүңө өзгөчө суктанамын,
Экөөбүз ээрчишип жүрсөк бирге.
Кыялдын ыргагында,
Гитара кылдарында.

Кайырма:
Сезимдер жаңырып, обон салдыбы?
Сүйүүлөр же сары күзгө калдыбы?
Секирип, кыз-жигит, чогуу бийлейли,
Алыста калтырып санаа-кайгыны.

Негедир кайрадан карап, карап,
Көз карашың от болуп күйүп барат.
Махабат мөөнөтү чөксө дагы,
Мааниси жүрөктө чоктой жанат.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 628 | Теги: Динара Акулова | Рейтинг: 0.0/0