Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Элиза Орозова "Узаба"

Жан адам махабаттан айрылбасын,
Жан сыздап, жашын төгүп кайгырбасын.
Жаныма батып барат сагынычым,
Жарк этип чыга келчи, жан курдашым.

Кайырма:
Узаба менден, узаба,
Алдырып коём ызага.
Учуруп бакыт кушумду,
Узаба менден, узаба.

Башка жан түштү беле назарыңа?
Баспайсың баштагыдай катарыма.
Таалайым, таштабачы, суранайын,
Тайгак жол, татаал тагдыр азабыңа.

Кайырма:

Кезинде сезбептирмин кадырыңды,
Келемин эңсеп шоола жарыгыңды.
Өмүрдүн өрттүү кезин бүт арнаймын,
Өчүрүп албас үчүн жалыныңды.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 485 | Теги: Элиза Орозова | Рейтинг: 0.0/0