Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Элиза Орозова "Жаштык кез"

Жылмайып күн да төгүп нур шооласын
Көрк берип айланага таң да атты.
Термелип салкын желге бир жоогазын,
Керемет жыпарын чачты.
Жаштык кез гүлдөй тура жана дагы 
Жагат сага мага дагы.

Кайырма:
Ойно, бийле, жырга,
Обон созуп ырда.
Бийик максат танда
Өмүр келбейт кайра.
Жаштык кезиң барда
Шаң күлкүдөн калба.
Аккан суудай мезгил
Келбейт сага кайра.

Жашагын из калтырып кайгырбастан,
Урматтап улууларды сыйлаганды бил.
Өмүр сүр азгырыкка алырбастан,
Бул жашоого келесиң бир.
Жаштык кез балдай таттуу күндөр менен, 
Билинбей өтөт экен.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 761 | Теги: Элиза Орозова | Рейтинг: 0.0/0