Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Элмира Кайып кызы "Кусалык"

Санаага салып, асылым, бактым,
Сары оору болуп сагыныч таптым.
Жомокто кайып болгон перимдей,
Жол учун издейм, кай жакка каттың?

Түнү-күн издеп көзүм талгандай,
Түшкө кирбейсиң, көңүл калгандай.
Жабыркап жаным, азап чегемин,
Жалгыздык мага бүтпөс армандай.

Күтүп жаз-жайды өзүмдү азгырдым,
Күз жалбырагын жазып кат кылдым.
Кучактап сени "тапсаң өпкүн" деп,
Кусалыгымды желге тапшырдым.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 485 | Теги: Элмира Кайып кызы | Рейтинг: 0.0/0