Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Эрлан Андашев "Коштошуу"

Көздөрүңдөн кагылайын балбылдаган, 
Жайнаган, жайнаган, жайнаган,
Кош деп мага кол сунбачы, садагам.
Кош дегенде кол бере албай,
Сени сүйүп кайрадан, кызганып, суктанып.
Айтчы, жаным, 
Бир сен үчүн эмне болуп баратам?

Жашоо, өмүр, сүйүү деген,
Татаал нерсе турбайбы да, турбайбы.
Жаштыгымда билбептирмин мындайды.
Жаралган соң бул дүйнөгө бир жолу,
Жараткан ай, сүйгөнүнө,
Жете, жете турган кылбайбы.

Көп оролдум, көп сыладым,
Сенин кундуз чачыңды, чачыңды, чачыңды.
Жүрөгүмө далай ийдиң башыңды.
Ойлогон ой ишке ашпай,
Турмуш кыстап жеңгенби?
Арга жок, айла жок,
Кошула албайм төккөн менен,
Көздөн аккан жашымды.

Жашоо, өмүр, сүйүү деген,
Татаал нерсе турбайбы да, турбайбы.
Жаштыгымда билбептирмин мындайды.
Жаралган соң бул дүйнөгө бир жолу,
Жараткан ай, сүйгөнүнө,
Жете, жете турган кылбайбы.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 715 | Теги: Эрлан Андашев | Рейтинг: 2.0/1