Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Эрнест Абдыжапаров "Уурунун махабаты"

Ааламга жөлөндүмбү? 
Обого бөлөндүмбү?
Кыялым атырылды,
Түбөлүк жолунда.

Изимди калтыра албай,
Өзөккө айттыра албай.
Тымызын жөнөп кеттим,
Түбөлүк жолунда.

Сапарым уланууда,
Сезимим буралууда.
Жеткирбей капарыма,
Түбөлүк жолунда.

Ырайым этти бекен?
Алыска оюм кеткен.
Жылдыздын арасынан
Түбөлүк жолунда.

Узабай кайрылдымбы? 
Жете албай кайрылдымбы?
Кайрылуу бар экен го,
Түбөлүк жолунда
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 531 | Теги: Эрнест Абдыжапаров | Рейтинг: 0.0/0