Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Гүланда "Жамгыр"

Жаз жамгыры жаап келип шаштырып,
Жаш даракты калкаландык каткырып.
Жанга жагым бир сезимге арбалдык,
Тамчылардын тамган сымал жакшылык.

Кайырма:
Жалбырактан жаба куюп баратып,
Жамгыр суусу мени сенден талашып.
Алмак-салмак экөөбүздү өпкүлөп,
Көзүбүздөн өзүбүздү каратып.

Билбейм эмне мени тартып турган сыр,
Балким, бизге тагдыр буйрук кылгандыр.
Жаным менин, жамгыр, жамгыр жана сен,
Жашоо берет силер мага сунган ыр. 

Кайырма:

Өткөн күндөр өттү, мейли, кечээки,
Бүгүнкүнүн кадырына жетели.
Жамгырдын да токтой турган кези бар,
Токтой элек кызыгында кетели.

Кайырма:

Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 945 | Теги: Гүланда | Рейтинг: 0.0/0