Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Гүлнара Калдарова "Тумарым"

Мен сүйсөм да, сен сүйбөйсүң, Тумарым,
Түнкү шамдай өчүп барат ыраңым.
Таш боор белең, жүрөгүңдө мээрим жок?
Аясаңчы, аясаңчы, менин сүйгөн Тумарым.
Тумарым, ай-ай, Тумарым.
Аясаңчы, менин сүйгөн Тумарым.

Жүрөгүмдөн кайнап чыккан махабат,
Күндөн-күнгө кайгы-капа жаратат.
Сенин атың, сенин сүйкүм элесиң,
Жүрөгүмө тумар болуп кадалат.
Тумарым, ай-ай, Тумарым,
Жүрөгүмө тумар болуп кадалат.

Ар убакта көз алдыма келесиң,
Неге мени тооруп алды элесиң?
Байкасаңчы мемиреген деңиздей,
Сүзүп жүргөн үмүтүмдүн кемесин.
Тумарым, ай-ай, Тумарым.
Сүзүп жүргөн үмүтүмдүн кемесин.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1217 | Теги: Гүлнара Калдарова | Рейтинг: 3.0/1