Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Гүлнара Тойгонбаева "Мен кыргызмын!"

Керилген бир керме тоодон керегеси,
Көпкөк асман түндүгү да, терезеси.
Жабуулары, үзүктөрү ак булуттан,
Жерим менин ак боз үйдөй керемети.

Кайырма:
Кайсы жерден болосуң деп сураба,
Кандай элден экенимди сынаба.
Мен айтпаймын бийиктеги жылдызмын деп,
Мен жөн эле жашап келем кыргызмын деп.

Чалкып жаткан ай-асмандан кең көрүнөм,
Шаңшып учкан ак шумкарга тең көрүнөм.
Ал анткени турпагыңа бутум тийип,
Ата Мекен, сенде жашап, сенде жүрөм.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1079 | Теги: Гүлнара Тойгонбаева | Рейтинг: 0.0/0