Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Гүлнур Асанова "Бир адамга"

Жаз гүлүндөй жаан жааса билинбеген,
Жалбырактай жел жүрсө дирилдеген.
Таң каларлык жан экенсиң, табышмактуу,
Тайыздыгың сыртыңдан эч билинбеген.

Булут сымал бир конуп-көчүп турган,
Шам чырактай бир жанып-өчүп турган.
Ага албаган шаркырап бир нук менен,
Арыктагы суу белең сен ар ким бурган?

Ишенипмин бал тамган сөздөрүңө,
Ирмеп-ирмеп жаш тамган көздөрүңө.
Ичим күйүп, ийиктей имерилем,
Ийип кеттиң башкага сен көз көрүнө.

Кетип калдың башкага сен,
Көз көрүнө...
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 746 | Теги: Гүлнур Асанова | Рейтинг: 0.0/0