Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Гүлжигит Сатыбеков "Эми мага баары бир"
Кечээ тиккен дарагың, мөмө берет дедиңби, Жерге көмгөн данегиң өнө берет дедиңби. Мына ушинтип базарым өтө берет дедиңби Айтканымдын баарын эп көрүп Бул бечара жүрө берет дедиңби Кайырма: Үй-бүлөсүн мал кечип тентип кетти дейсиңби, Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби, Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби, Эми, эми мага баары бир Жоктугума шүгүр дейсиңби Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби Байчечекей чилдеде гүлдөй берет дедиңби Ырыскысын кудайым үзбөй берет дедиңби Акыл айтсам мен сага сүйлөй берет дедиңби Айтканымдын баарын эп көрүп Бул селсаяк түтө берет дедиңби, Үй-бүлөсүн мал кечип тентип кетти дейсиңби, Мени чанып башканы ээрчип кетти дейсиңби, Күйүтүнө чыдабай ичип кетти дейсиңби, Эми, эми мага баары бир Куйрук эмес буйрук жейсиңби Кеч түшүнүп аттиң дейсиңби Кенебестен ырыскым толо берет дедиңби, Бакыт кушу күндө эле коно берет дедиңби. Эмне кылсам мен булга боло берет дедиңби Айтканымдын баарын эп көрүп Бул бечара жүрө берет дедиңби Көнө берет дедиңби Кайырма:
| |
Просмотров: 4426 | | |