Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Гүлжигит Сатыбеков "Балама"

Жаштык, мастык, кимдер жаңылбас,
Өттү күндөр кайра кайрылбас.
Ошол тагдыр, аттиң, кайда экен?
Баласынан бөлүп айрыбас...

Кайырма:

Амансыңбы, балам, шириним?
Өмүрдөгү жашоо билигим.
Ажыратты бизди бул тагдыр,
Эми сага чоочун кишимин.

Издеп келдим бүгүн, каралдым,
Неге мынча чоочуп карадың?
"Ата” деген сөзүң уга албай,
Акылымдан кетип барамын.

Кайырма:

Дагы канча азап саласың?
Баары өтөр, мезгил, шамалсың,
Акыл берсе сага, каралдым,
Ата Журтуң издеп табарсың.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 606 | Теги: Гүлжигит Сатыбеков | Рейтинг: 5.0/1