Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Гүлжигит Сатыбеков "Лейлектик кызга"

Исфана, Исфана,
Араладым, издегеним сен гана,
Кара көзүм, жолугамбы мен сага?
Жолугуп, жолугуп,
Жалгыз эмес, жеңең келди кошулуп,
А сен болсо сүйлөбөйсүң созулуп.

Кайырма:
Не кыласың Лейлекте?
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү "мака” дейт,
Байке дебей "ава” дейт.
Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.

Кой, жеңе! Кой, жеңе,
Кудалаштык, жакында сен той дебе,
Кайын сиңдиң шаштырбачы, бол дебе.
Буулугуп, буулугуп,
Коштошо албай колуң турду сунулуп,
Көз жашыңды көрсөтпөдүң бурулуп.

Кайырма: 
Ыйманыңа береке,
Алып кетем Бишкекке!
Жүгөрүнү "мака” дейт,
Байке дебей "ава” дейт.
Сөздөрүңө байланам да, карындашым, вай-ваай.
Сиз да мага жагас дейт,
Окуйсузбу намаз дейт.
Ананайын, ананайын, ананайын, ай-ай-ай.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 958 | Теги: Гүлжигит Сатыбеков | Рейтинг: 0.0/0