Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Гүлжигит Сатыбеков "Мектеп кусалыгы"

Жүрөккө куса толуп эстедим,
Көзгө тартылып айыл кечтери.
Көөдөндө жашап наристе сезим,
Оюнга тойбос бала кездерим.

Кайырма:

Сыдырым желден айтам саламды,
Классташтарым эсен-аманбы?
Окуучуң болуп кайра мектебим,
Кайрылып сага барамбы?

Сөзүн да укпай агай-эженин,
Өкүнөм дале, тентек экенмин.
Балалык күндөр сенде калыптыр,
Кайтарып берчи кайра, мектебим?!

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 654 | Теги: Гүлжигит Сатыбеков | Рейтинг: 0.0/0