Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Гүлзинат Суранчиева "Кызгалдак"
Көк майсаң көркөм, ай, тектирдин, Гүлдөрүн искеп, ай, көп бердиң. Сырланган сулуу кызгалдак, Сыймыгы белең, ай, көктөмдүн? Кайырма: Кызгалдак, кызгалдак, Сыймыгы белең, ай, көктөмдүн? Кызгалдак, кызгалдак, Сыймыгы белең, ай, көктөмдүн? Кубанып карап, ай, күлүпмүн, Аралап басып, ай, жүрүпмүн. Көктөмдү сүйгөн кызгалдак, Күлкүсү белең, ай, жигиттин? Кайырма: Кызгалдак, кызгалдак, Күлкүсү белең, ай, жигиттин? Кызгалдак, кызгалдак, Күлкүсү белең, ай, жигиттин? Куудуңдап кыштын, ай, ызгаарын, Ордуна өстүң, ай, муз-кардын. Көктөмдөр сүйгөн кызгалдак, Курдашы белең, ай, кыздардын. Кайырма: Кызгалдак, кызгалдак, Курдашы белең, ай, кыздардын? Кызгалдак, кызгалдак, Курдашы белең, ай, кыздардын?
| |
Просмотров: 946 | | |