Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Гүлзинат Суранчиева "Ысык-Көл"
Ысык-Көлдү таң сүргөндө карасаң, Уйкусунан жаңы ойгонуп жаткандай. Жаратылыш сулуулугун өзүнө, Камырадай бүтүн ээлеп алгандай. Ысык-Көлдү түш мезгилде карасаң, Сулуу кызга алтын сөйкө таккандай. Көл бетине күн нурлары чачырап, Күмүштөрүн туш тарапка чачкандай. Ысык-Көлдү күүгүм ченде карасаң, Толкундары тоону көздөй шашкансыйт. Ошол жерде комуз алып бир жигит, Токтогулдун "Миң кыялын” чалгансыйт. Ысык-Көлдү түн ичинде карасаң, Көшүлүп бир таттуу уйкуга баткансыйт. Жада калса асмандагы ай дагы, Көл уйкусун түн күзөтүп жаткансыйт. Ысык-Көлдү түш мезгилде карасаң, Сулуу кызга алтын сөйкө таккандай. Көл бетине күн нурлары чачырап, Күмүштөрүн туш тарапка чачкандай. | |
Просмотров: 432 | | |