Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Ильяз Абдыразаков "Эне"
Жетелеп, канатына калкалап, Ээрчитип эне жолун аркалап, Эмизген аппак сүтүң да акталат. Ченебей сенин мага бактым да, Чыйралып термеп мени бактың да, Бейишим, эне, таманың астында. Кайырма: Талпынып өз колуңдан басканмын, Турмуштун ушул жолуна. Термелип ууз сүтүң татканмын, Бешик астында. Уулум деп мээримиңди чачканың, Унутпайм узун жолду басканың, Бейишим бар таман астында. Алыста ак жоолугуң салынып, Балам деп баскан сайын кагылып, Мен жүрөм сенин жытыңды сагынып. Энеке, кечир болсо каталык, Эр жетип, сезим менде аталык, Кайрылбайт эми аркага балалык. Кайырма: | |
Просмотров: 564 | | |