Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Ильяз Абдыразаков "Карындашым"

Ээрчитип колдон жетелеп,
Ойносоң гүл бакчада.
Татынакайсың, эселек,
Сезимдериң таптаза.
Уялыңкы эркелеп,
Талпынганың башкача.

Кайырма:
Менин карындашым, 
Сүйкүм ирмейт кашын.
Дайым эркелетип, 
Сылап коём чачын анын.

Үмүт чоң келечегиңден,
Чоңоюп, бойго жетсең.
Тилегиң берсин Кудайым,
Керегисиң кыргыздын.
Ата-энең көрсүн убайың,
Жерде жанган жылдызым.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 643 | Теги: Ильяз Абдыразаков | Рейтинг: 0.0/0