Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Иса Өмүркулов "Акча"
Жаш-карысы дебей адамзат, Жаралгандан баштап жарышат. Жазы-кышы такыр тынбастан, Жан талашып акча табышат. Азгырылып баары, ою акчада, Аз көрүнүп канча тапса да. Кайырма: Акча, акча, акча болсо деле канча, Ал ансайын жетпей келет баарына. А мен үчүн акча мааниси жок анча, Ата-энемден өткөн байлык жок мага. Алдууларда сансыз байлык бар, Айрымдары жарты нанга зар. Акчалуулар бактылуу дешип, Адашып келишет адамдар. Азгырылып баары, ою акчада, Аз көрүнүп канча тапса да. Кайырма: Акча, акча, акча болсо деле канча, Ал ансайын жетпей келет баарына. А мен үчүн акча мааниси жок анча, Ата-энемден өткөн байлык жок мага. | |
Просмотров: 620 | | |