Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Иса Өмүркулов "Бир тууган"
Өмүрдө жөлөк-тирегим, Энекем-атам, билемин. Агамдын мага белеги, Арнаган асыл тилеги. Көкөлөп көктө учамын, Эжекем жайса кучагын. Жашоодо дайым кубанып, Бакытка чексиз батамын. Кайырма: Өмүрдүн гүлүн теремин, Турмуштун айдап кемесин. Күндөрүм өтүп баратат, Аралап өмүр белесин. Айрыба менден, Кудайым , Жалбарып сенден сурайын. Бир тууган - ошол байлыгым, Тартайын, берсең убайым. Бой жетип өсүп барамын, Турмуштун ачып барагын. Эр жигит болуп чоңоюп, Батасын элдин аламын. Аскадай мага бийиктик, Бир тууган - ошол жөлөгүм. Сактагын жаман-жалгандан, Сурабайм, Кудай, бөлөгүн. Кайырма: | |
Просмотров: 886 | | |