Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Ислам Акматов "Периштем"
Тушаган сезимге багынып, Тумардай жүрөккө тагынып. Жүзүмө күлкүңдү жашырып, Жүрөмүн өзүңдү сагынып. Өмүрдүн бактысы өзүңдө, Сүйүүнүн ачкычы көзүңдө. Берметтей алдыңа чачылып, Ишенгин, жаным, сен сөзүмө. Кайырма: Периштем, жамалың жайнаган, Жаныңдан кете албай байланам. Жолугуп, жаңы эле узатсам, Жолуксам деп эңсеймин кайрадан. Жүрөктүн эңсеген себебин, Сурасаң мен гана билемин. Суусаткан сезимдин кыйноосун, Сүйүүмдүн күчүнөн жеңемин. Кайырма: Периштем, гүл болуп мен сунулам, Периштем, ыр болуп мен угулам. Бактыма мен ыраазы болоюн, Периштем, төгүлчү нуруңан. Кайырма: | |
Просмотров: 908 | | |