Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Исрадин Аманбаев "Нестан Дарежан"
Кечип таштап даңктан, атактан, Келечегин издеп бараткан. Кайгылуу шер дүйнө кыдырат, Кайдасың сен, Нестан-Дарежан? Кайырма: Ак сүйүүнүн дайрасын кечип, Азап-кайгы жүрөктү эзип. Алоолонуп күйүп баратам, Ансайын мен сүйүп баратам. Аялзаттан башкача сезип... Тоскоол болуп тура албаган, Тоңгон музду ызгаар Бадахшан: Тоону тешип өтөм сен үчүн, Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан. Кайырма: Күнү-түнү чыкпай санаамдан, Күйгөн шамсың мен деп жаралган. Күйүт мени мыжып жатса да, Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан.
| |
Просмотров: 9446 | | |