Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Кайыргүл "Кайдасың?"

Эстейм да, ыйлай берем, 
Тамчыларга айланып тыпылдаган. 
Эстейм да, жашап келем,
Наристедей бактылуу кытылдаган.

Кайырма:
Кучагың тосчу, коноюн,
Кубантып ырга ороюн.
Сезимим сен деп таптаза,
Сүйүүңө кул болоюн.
Жүрөгүмдү сага арнадым,
Күндөрүм да күтүү менен өтүп барат.
Келесиңби, сагындым,
Үмүт бирок өчүп-жанат.
Кайдасың, айтчы кабарың?
Ашыгым, мен сага азыр учуп барам.
Талпынып таап барайын,
Айтчы, кайдасың?

Кыялымда жанымдасың,
Ар дайым асылым, жазымдайсың.
Эркелеп, эртерээк барсам дейм,
Катылган сырымды айтсам дейм.

Кайырма:

Кусаланып жалгыз калып,
Кереметтүү дүйнөм тарып.
Суранарым сенден дайым,
Кайрып берчи махабатым.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 592 | Теги: Кайыргүл | Рейтинг: 0.0/0