Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Керим Турапов "Эне жөнүндө баллада"
Тамчыдай денедеги сүтүң менен, Талпынтып ак бешикке баккан энем. Нуруңа, мээримиңе магдыраткан, Маңдайда менин батпас күнүм белең?.. Кайырма: Асыл энем, таалайым - сенсиң энем, Жыргалым - сен, бакытым - сен, Сүйүктүү менин энем. Түбөлүк түн күзөткөн канаттуудай, Уйкудан чолпон көзүн ачкан энем. Алдыңа ажал келип турса дагы, Мен үчүн жанды курман кылат элең. Кайырма: Шаңданган шоола болдуң бул жүзүмө, Асманда ай нурундай асыл энем. Көзүңдүн карегиндей көп аяган, Алтындай эмгегиңди неге теңейм? Кайырма:
| |
Просмотров: 6144 | | |