Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Клара Алибекова "Ойлончу"
Жүрөгүмдү куйкалайсың жалындай Жүрө албаймын күндө сени сагынбай Мээ сергитет менде жүргөн элесиң, Мелтиреген Ысык-Көлдүн таңындай. Көзүң укмуш ак чыны да, карагат, Көп караба жүрөгүмдү жаралап. Көөнүң болсо бир белгиңди түшүндүр Киши жалдап сүйө албаймын паралап Кээде бүркө, кээде жарк дейт кабагың Кантип сенин кыялыңды табамын. Мен өзүмдү эр көкүрөк көрсөм да Ээрчип жүргөн көлөкөңдү санадым Кыйнабачы жүрөктөгү жарадай Кылгырбачы койчу мени карабай. Же күлүп кой, же кирпигиң ирмечи Куса болдум, сагынганым тарабай Үн жок, сөз жок томсоросуң турасың Ыйлап-ыйлап улутулган баладай
| |
Просмотров: 923 | | |