Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Кубаныч Сатаев "Эстедим"
Жадыраган жазым сен элең, Жандай көрүп сүйөм дечү элең. Жаркыраган айдай периштем, Түбөлүктүү бактым сен элең. Кайырма: Сүйүүм менден узап кетерин, Бир жүргөндө баркың сезбедим. Сүрөтүңө карап отуруп, Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим. Кара көздүү сулуу кыз элең, Сүйүүм менин калпыс түш белең? Табыштырган жазгы сүйүүбүз, Күздө кетер келгин куш беле? Кайырма: Сүйүүм менден узап кетерин, Бир жүргөндө баркың сезбедим. Сүрөтүңө карап отуруп, Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим. Ошол күндөр өттү билинбей, Эрте соолгон жаздын гүлүндөй. Бакыт тилеп сага аргасыз, Жашап келем бирок түңүлбөй. Кайырма: Сүйүүм менден узап кетерин, Бир жүргөндө баркың сезбедим. Сүрөтүңө карап отуруп, Ойноп-күлгөн күндү мен эстедим.
| |
Просмотров: 2807 | | |