Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Кутман Жолдошев, Мадина Жээнбекова "Барам сага"

Таң шооласы нур чачканда,
Тал-теректер бүр ачканда.
Кыр-кырлардан кол булгалап
Кызгалдактар гүл ачканда

Кайырма:
Алга сүрөп үмүт гана,
Алоолонуп күйүп жана.
Бар жогума кайыл болуп,
Барам сага, барам сага.

Жылдыз көккө тагылганда,
Жылгадан суу агылганда.
Алтын сөйкө сыяктанып,
Ай кайрадан жаңырганда.

Кайырма:
Дайра ташып чамынганда,
Дарак жоолук салынганда.
Санаам сары саман болуп,
Сага карай агылганда.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 572 | Теги: Кутман Жолдошев, Мадина Жээнбекова | Рейтинг: 0.0/0