Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Лира "Жашоо керемет"

Жашоо өзү керемет,
Жакшы ой алга жетелеп.
Умтулуп алга келесиң,
Учуна мына жетем деп.

Кайырма:
Жашоо, жашоо - жалын, керемет,
Кыял, ойго терметет.
Талбай кылсаң аракет,
Максатыңа жеткирет.

Кызык, ай, турмуш керемет,
Кыялың алга жетелеп.
Кыбырап чыгып келесиң,
Кырына мына жетем деп.

Кайырма:

Бир кырга чыксаң, бир кыр бар,
Бийиктейт улам ал кырлар.
Тынымсыз жашоо бул күрөш,
Тирүүлүк деген жыргал бар.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1668 | Теги: лира | Рейтинг: 0.0/0