Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Мая "Ашыгым"
Жүрөккө сүйүү ойготту, Сагынтып сезим толготту. Садагам, айтчы эмнеге? Жан дүйнөм жанчып ойлонттуң. Жалт карап неге коштоштуң? Жалындап турган кезимде. Кайырма: Жалбарып ыйласам да, Жашыгып ырдасам да. Кайрылбайт сүйүүм эмнеге? Сенсиз жанбай жылдызым, Жүрөк ыйлайт тымызын. Кош бол деп сага айта албай, Сен деп далай күн өттү. Сезим өрттөйт жүрөктү, Кош бол деп, жаным, айта албай. Коштошуу өрттөйт жүрөктү, Көңүлсүз сен жок күн өттү. Ак сүйүүм сыздайт эмнеге? Ашыккан сүйүүм болбодуң. Адашты менин жолдорум. Ашыгым, айтчы эмнеге?
| |
Просмотров: 787 | | |