Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Малика-Дина "Айыл кечи"
Бак-дарак гүлдөп гүлүн ачкан, Алма-өрүк аппак гүлүн чачкан. Сагындым жыпар айыл кечин, Кызарып ысык күндүн баткан. Чымчыктарым сулуу чырылдашкан, Агарып таң чыгыш жактан. Сагындым айыл аппак таңын, Күн нурун жерге жылуу чачкан. Кайырма: Ташкыны дайралардын, Күкүктүн сайраганы. Кызгалдак талаа, түздө, Кызарып жайнаганы. Кар кетип, суулар ташып аккан, Чөп чыгып, күн нурун чачкан. Сагындым жашыл көктөм жазын, Кызарып тоого күндүн баткан. Бак-дарак гүлдөп гүлүн ачкан, Алма-өрүк аппак гүлүн чачкан. Сагындым жыпар айыл кечин, Кызарып ысып күндүн баткан.
| |
Просмотров: 1479 | | |