Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Мирбек Атабеков "Таласым"

Токоюм бойлоп баратсам,
Суктантып көздү караткан.
Алыстан келген адамдар, ий,
Кеткисиң ай келбейт ай-ий Таластан.

Береке нурун сепкен жер,
Каныкей жашын төккөн жер.
Хан Бакай, Кошой баш болуп,
Кабылан ай Манас ай-ий өткөн жер.

Ак шумкар сызып учкан жер,
Атагын дүйнө уккан жер.
Чокусу бийик Таластын,
Чолпонбай ай Чыңгыз ай-ий чыккан жер.

Ак чөлмөк ойноп тан аткан,
Айлуу түн бизге жарашкан.
Канчалык ойноп күлсөм да эй,
Кумарым ай канбайт ай-ий Таластан.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1901 | Теги: Мирбек Атабеков | Рейтинг: 2.0/1