Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Мирбек Иманбеков "Сүйүктүүм"

Көңүлдүн көрүнбөгөн жолдорунда,
Көмүлүп жаттың санаа, ойлорумда.
Көз ачып наристедей ойгоносуң,
Көлкүлдөп сагынычым ашып, толгонумда.

Кайырма:

Сүйүктүүм, сүйүктүүмсүң,
Сезсеңчи сүйүү күчүн.
Серпилсе канатым,
Жетпедим, аны түшүн.

Бар экен дале жалын карегиңде,
Башканын мага, жаным, кереги не?
Маңдайга жазылбаган махабатым,
Жашайсың ыр сабында, дале калемимде.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1113 | Теги: Мирбек Иманбеков | Рейтинг: 0.0/0