Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Нэна "Махабатым"

Ойлонгун жаштын абалын, жамалын,
Орундайт качан талабың?
Ким үчүн согот жаш жүрөк күчтүүрөөк?
Күндө эле күйүп-жанамын.

Кайырма:
Кайдасың көңүлүмдүн,
Нуру болдуң өмүрүмдүн.
Күтө берет сени дайым,
Махабатым, махабатым, махабатым.

Күрпүлдөп өзөн шаркыраар, ай чыгар,
Күүлөнгөн жүрөк басылар.
Сүйгөнүм, сени сүйгөнмүн, билбедиң
Мени да сүйгөн бар чыгар.

Кайырма:

Сүйүүдөн жүрөк дегдеди,
Сүйгөнүм ойдон кетпеди.
Жалооруп жүргөн чагымды,
Жалжалым ойлоп сезбеди.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 397 | Теги: Нэна | Рейтинг: 0.0/0