Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Неля "Булбул"
Тереземде бир булбул мукам сайрады, Теребел да тынчтанып, гүлдөр жайнады. Булбул ырын тыңшады, сыздап жан дүйнөм, Эске түшүп ак сүйүүм калган кайдагы. Кайырма: Аа, ай, булбулум, ай, Ай, ай , кыйнадың, ай. Жалындаган сезимдер жанып жүрөктө, Бакыт нуру төгүлгөн биздин түнөккө. Бактыбызды таппадык бирге экөөбүз, Ал учурлар кайрылгыс калды сүрөттөй. Кайырма: Өттү күндөр өрттөнгөн эстеп өзүңдү, Өрткө салып кыйнадым далай өзүмдү. Өчтү сүйүү жалбырттап жанды кыйнаган, Бирок такыр унутпай койдум өзүңдү. Кайырма: | |
Просмотров: 769 | | |