Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Неля "Сүйүү элеси"

Уйкусуз таңдар атат,
Кирпиктер ирмелбеген.
Кусалык журөктү эзип,
Эч кимге билинбеген.

Кайырма:
Билинбей күндөр өтөт,
Үмүтүм үзгөн менен.
Ак сүйүүм жашай берет,
Турмушта сага деген.

Угулат кулагыма,
Наристе сенин үнүң.
Тартылат көз алдыма,
Алгачкы тунук сүйүүм.

Кайырма:
Унутпай койдум сенин,
Жылмайган элесиңди.
Азаптуу ал күндөрдү,
Алтыным, билесиңби?

Бек сактайм жүрөгүмө,
Жылмайган элесиңди.
Унутпай койдум сени,
Эмне үчүн ббилесиңи?

Кайырма:
Билинбей күндөр өтөт,
Үмүтүм үзгөн менен.
Ак сүйүүм жашай берет,
Турмушта сага деген.

Унутпай койдум сенин,
Жылмайган элесиңди.
Азаптуу ал күндөрдү,
Алтыным, билесиңби?
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1016 | Теги: Неля | Рейтинг: 0.0/0