Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Нуриза Абазова "Эски бак"
Чыйрыгып күзгү суукта, Чыдабай жүрөк куса. Өткөндү унутамбы, Көз жашым жүзүм жууса? Кайырма: Эскирген эски бакта, Экөөбүз эки жакта. Ээрчишип бир басчу элек, Жалгызмын ушул тапта. Эскирген эски бакта. Баягы биз жолукчу, Бактагы ак кайыңга. Жөлөнүп жалгыз турам, Өткөн күн бүт оюмда. Кайырма: Тургузган махабаттын, Аскасы урадыбы? Жүрөктө куса толо, Ал гүлдөр куурадыбы? Кайырма: | |
Просмотров: 1021 | | |