Жакшыдан чыккан ой келип,
Жатабыз бугун той берип.
Кудалар жакын туугандар,
Алыстан курбу дос келип.
Онтою келип жараса,
Айтайын бугун тамаша.
Кызыган тойдо кулку коп,
Кызыгып байкап карасан эй.
Кайырма:
Той-тамаша тойлордо болот тамаша.
Той-тамаша тойлордо болот тамаша.
Женелер журот чай ташып,
Ушактан ушак жайкашып.
Бажырап шандуу отурат,
Бажалар желке баш кашып эй.
Бул жакта сыйлуу чондор бар,
Достордон чыкчу сомдор бар.
Кызыктар ушул тарапта,
Жабулчу килем тондор бар эй.
Кайырма:
Коншубуз биздин Элмурат,
Ичкенде андан кеп чыгат.
Кудадан созду талашып,
Тамада болом деп чыгат эй.
Жезделер менен балдыздар,
Кайнап бир турган жалгыздар.
Бир-бирин бийге тартышып,
Ал жакта болбойт жалгыздар эй.
Кайырма:
Эч кимди эми укпайм дейт,
Классташ курбум ырдайм дейт.
Сый тамак келсе таякем,
Билегин билем жыргайм дейт эй.
Достордун жолу шыр дешет,
Тост айтсан кийин ыр дешет.
Ыр билбей калсан мооротуп,
Ар балээни кыл дешет.
Кайырма:
Аяштар ачык мунозу,
Айкайлап чыкса суросу.
Жактырбай карап кычырайт,
Кудалар жактан бироосу эй.
Оюн-зоок ырдын шарты ушул,
Кыргызда тойдун баркы ушул.
Тамаша чыны аралаш,
Жакшылык тойдун корку ушул эй.
Кайырма:
|