Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Нурлан Насип "Ата-энем"

Оо ата - энем аска зоом тирегим, 
Силер менин бул жашоодо зирегим.
Дайым мага айткан сөзүң эсимде, 
Эң биринчи тийсин элге керегиң.

Кайырма:

Атакебай, апакебай, 
Силер барда мен максатка жетемин.

Оо ата - энем жан кубатым медерим, 
Силерсиңер желбиреген желегим.
Көзүм ачтың, коштуң адам санына, 
Силер барда мен максатка жетемин.

Кайырма: 

Оо ата - энем теңдеши жок устатым, 
Тарбияга тактап мени тынбадың.
Эми менин эң биринчи милдетим, 
Эл алдында урматтаймын, сыйлаймын.

Кайырма:

Атакебай, апакебай, 
Силер барда мен максатка жетемин
Эл алдында урматтаймын сыйлаймын.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1857 | Теги: Нурлан Насип | Рейтинг: 5.0/2