Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Нурлан Насип "Жоопсуз сүйүү"

Жүрөгүмө жарык нур берген,
Ак сүйүүмдүн тазасы элең.
Махабатым бир сага арнап,
Сени сүйүп, сен деп жашап келгем.

Кайырма:
А бирок сен сезбедиң мени,
Сага болгон тунук сезимди.
Сага арналган сүйүүмдү сен,
Түшүнбөдүң, кантейин эми?

Жылдар жылып, убакыт өтөт,
А жүрөгүм бир сени күтөт.
Таалайыма жазганбы тагдыр?
Табышмактай чечилбей келет.

Кайырма:

Сагынычтан күн өтөт,
Сагынып жүрөк күтөт.
Сагынычтан сыздайт эт жүрөк.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 628 | Теги: Нурлан Насип | Рейтинг: 0.0/0