Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Нурзат Садыкова "Ала-Тоо"

Алыс жүрсөм кайдасың деп,
Сагынаарым Ала-Тоо.
Жаз гүлүндөй жайнасын деп,
Жалынаарым Ала-Тоо.
Тандабадым мекенди, 
Тагдырыма туш болдуң.
Кадырыңа жетемби?
Калкың үчүн кут болдуң.

Бабалар калтырган мурасым сен,
Бактыга талпынган кубатым сен.
Туйлатып жүрөктү Ала-Тоо,
Туу болуп өнөргө турасың сен.

Канат болуп учарыңа,
Кагылайын Ала-Тоо.
Жаштык болуп кучагыңа,
Жагылайын Ала-Тоо.
Көзүмдүн карасында,
Калкып дайым жүрөсүң.
Жалгандын арасында,
Жалгыз чындык бир өзүң.

Бактыга талпынаар кубатым сен,
Балама калтыраар мурасым сен.
Туйлатып жүрөктү Ала-Тоо,
Туу болуп өмүргө турасың сен.

Бабалар калтырган мурасым сен,
Бактыга талпынган кубатым сен.
Туйлатып жүрөктү Ала-Тоо,
Туу болуп өнөргө турасың сен.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 629 | Теги: Нурзат Садыкова | Рейтинг: 1.0/1