Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Омар "Кош жүрөк"

Жүрөгүмдүн жарыгын,
Бир таарыныч бузабы?
Ынтымактын жалынын,
Ыксыз ушак сызабы?
Сезимдеги жылуулук,
Сөзгө келбей тоңобу?
Сүйүүдөгү сулуулук,
Өз колумдан соолуду.

Кайырма:
Ширелишкен кош жүрөк,
Шарт бөлүнүп кетеби?
Биригишкен кош тилек,
Бири-биринен кечеби?

Элесиңди мен таппай,
Жер бетине мен батпай.
Көздөгөнгө мен жетпей,
Кол кармашып мен кетпей.
Сезимдеги жылуулук,
Сөзгө келбей тоңобу?
Сүйүүдөгү сулуулук,
Өз колумдан соолуду.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 552 | Теги: Омар | Рейтинг: 0.0/0