Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Омар "Кусалуу жол"

Арманга жүрөк толгондо,
Аябай куса болгондо.
Алсырап чыгып басамын,
Ай нурун төккөн жолдордо.

Кайырма:
Убайга батпа сагынба,
Умсунуп ыйга багынба.
Мен турган болом бир гана,
Сен баскан жолдун баарында.

Күтүүгө жүрөк толгондо,
Күйүтүм муздап, тоңгондо.
Жапжалгыз чыгып басамын,
Жалбырак жааган жолдордо.

Кайырма:

Коштошуу деген оңойбу,
Козгогон муңдуу обонду.
Кар тосуп калды бекен деп,
Карадым күндө тоолорду.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 713 | Теги: омар | Рейтинг: 5.0/1