Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Роза Аманова "Өрүк комуз"
Жашамал бир адамдын муңун угуп, Жашырбай айтып берген сырын угуп. Жүрөгүм тилингендей тыз-тыз этип, Жүрөмүн ичтен сызып, кыңырылып. Эмесе, ошол сырды баяндайын, Тагдырдын табышмактуу ыры кылып: Таластын суусу тынбай шарпылдаган, Таластын толкундары тартылбаган. Татына бир өйүздөн турак алып, Там салдым, жарды күттүм жаркылдаган. Терезе тушка тигип бир түп өрүк, Теңирим берсе дедим артын маган. Биз көргөн бай турмушту кошо көрүп, Биз көргөн жай турмушту кошо көрүп, Черткилеп жалбырагы тереземи Тез эле бой тиреди ошол өрүк. Жемиши жерге батпай төгүлгөндө Перзенттүү болдум бакыт кошо келип. Уулубуз оозангандан өрүк жечү, Умтулуп, там-туң басып терип жечү. Баланын тили таттуу, аттиң арман! Өрүккө тили келей "өлүк" дечү. Өнөрү жылда күчөп, улам бийик Өйдөкү бутактарын элик дечү. Кийимдин сатып келем жаңысынан, Таттуунун тандап берем дагысынан. Оюнсак уулум бир күн тайып кетип, Оң колу сыйрылыптыр далысынан. Өрүккө өчөгүштүм сениби деп, Бир чака бензин таптым издеп араң. Короого камап уулум тыйып салдым, Кокустук уланат деп кыйыктандым. Уулумдун убалына калдымбы деп, Өрүккө жаба бензин куюп салдым. Арбайып-тарбайып ал куураганда, Араалап, балталадым, кыйып салдым... Аттигиң, өрүктү не кыйып салдым? Аябай неге бензин куюп салдым? Аттигиң, эрке өскөн кулунумду Эркине койбой неге кыйыктандым? Киндиги туташ тура ал экөөнүн, Билбепмин ыйыктыгын ыйык талдын! Өрүктүн байкалганда кургаганы, Уулумдун күчөй берди чырлаганы. Бай турмуш, жай турмушту бүлүндүрүп, Башталды тагдырымдын бурганагы. Бир чака бензин өрттөп кеткен тура Бир өрүк менен кошо бир баламы! Өрүктүн байкалганда кургаганы Уулумдун күчөй берди кыйнаганы. Ушунча жанга батты туйлаганы. Далысы сыйрылганы тез айыкты, Жүрөгү сыйрылганы кыйнап аны: "Өлүгүм, өлүгүм" деп угулгансыйт, "Өрүгүм, өрүгүм" деп ыйлаганы. Балта чаап мен өрүктүн тамырына, Өзүмдүн балта чаапмын тамырыма. Сырдуу күү кайрыктары жаңыргансыйт, Сыйпалап кол тийгизсем кабыгына. Акыры өрүк комуз чапмай болдум Өзөктөн чыккан өрүк зарын уга. Өрүктүн денесинен кулап жаткан, Өлүктүн табытындай сулап жаткан. Уулума эм болор деп, дем болор деп Капкагын бул комуздун курап жатсам, Кыл тагып, ичегиден күүлөгөндө Кулагым укмуштуу бир угат дастан. Капкагын бул комуздун курап жатсам, Кыл тагып, кулактарын бурап жатсам, Кулунум баш көтөрүп жаздыгынан Кудуңдап, көзү жайнап угат дастан... Ошентип, күлүмсүрөп кете берди Оо, арман, кышкы таңда бубак баскан. Ошентип, жалгызымдан мен айрылдым Оо, арман, кышкы таңда бубак баскан. Күү ошол бүтүп-бүтпөй чала калып, Канатын күүлөй берет сабаланып... Көргөндө куурап турган өрүктөрдү Көзүмдөн жаш куюлат салааланып. Биз канча карагайды кыйып салып, Биз канча арчаларды арааладык?! Уулумду улгайганда таптым эле, Уулума өрүк комуз чаптым эле, Ушунум эм болор деп, дем болор деп, Уңгусун боеп, тумар тактым эле. Акыры өчүн алды жаратылыш, Ай, арман, балта чаптым бактыма не?! Үн катпай үйүбүздө турат комуз, Көргөндүн көңүл оюн бурат комуз. Кокустан колуң тийсе кылдарына Комуздан муңканган бир чыгат добуш. Уулумду улгайганда таптым эле, Уулума өрүк комуз чаптым эле...
| |
Просмотров: 12794 | | |