Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Роза Аманова "Жандай көргөн адамым"

Жандай көргөн жаркын адамым,
Жаркылдаган жаздай жамалың.
Кан-жаныма канат бүтүрүп,
Кандайсың деп айткан саламың.

Жандай көргөн жаркын адамым,
Кайыгына түшөм санаанын.
Бирөө менен басты бекен деп,
Ойлоп оттой күйүп жанамын.

Жандай көргөн жаркын адамым,
Кандай бакыт барың, аманың.
Элестетип жоодур көзүңдү,
Эх чиркин ай, эстен танамын,
Жандай көргөн, 
Жакшы көргөн жалгыз адамым.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 8199 | Теги: Роза Аманова | Рейтинг: 3.4/11