Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Роза Аманова "Жаштык кездин баяны"

Эске түшөт баягы,
Күлгүн курак аялуу.
Беш көкүл чач кыз элек,
Жанып турган жамалы.

Учкан куштай зымырап,
Өтүп барат гүл курак.
Жаштык кездин баянын,
Күүгө салдым, ыр курап.

Кызгалдактай жайнаган,
Жаштык келбейт кайрадан.
Ата-энени кубантып,
Балдар өссүн жайнаган.
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1883 | Теги: Роза Аманова | Рейтинг: 4.4/5