Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Роза Шакирова "Кызыл гүл"

Бак ичинде жүрөсүң күлүп-жайнап,
Бажырайган көздөрүң алды арбап.
Байкабадың жанымдан өтүп жатып,
Бажырайган кызыл гүл колго кармап.

Кайырма:
Кызыл гүлүм ай, кызыктырдың ай,
Аппак гүлүм ай, алгач сүйүүм ай.

Көлөкөдө жүрөсүң күлүп-жайнап,
Көңүлүңдү койбодуң го мага арнап.
Чоктой беле көздөрүң күйүп-жанган,
Гүлдөрүңдөн сунуп кой мага арнап.

Кайырма:

Гүл жытына мас болуп термелемин,
Окту аткандай мен өзүңө сермелемин.
Кокус сени чочутуп албайын деп,
Арт жагыңан акмалап мен келемин.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1199 | Теги: Роза Шакирова | Рейтинг: 0.0/0