Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Саламат Садыкова "Сагындым, туулган жер, сени"

Убайым тартып алыстан,
Унутуп бардык нерсени.
Сары оору болуп ансыз да,
Сагындым, туулган жер, сени.

Канатым болсо азыр мен,
Калкылдап учуп жетсем дейм.
Калдайган сары талааңа,
Карлыгач болуп кетсем бейм.

Уктасам кирип түшүмө,
Аргымак чапкан талаалар.
Тыйылбай такыр кусалык,
Тынчыбай койду санаалар!
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1641 | Теги: Саламат Садыкова | Рейтинг: 0.0/0