Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском

Текст песни Султан Садыралиев "Той ыры"

Кайырма:
Той, той, мына бүгүн той, той. 
Той, той, мына бүгүн той, той. 

Казан-казан эт кайнаар, казак досум май чайнаар,
Казак кызга үйленмесен, капа болом деп чыгар.
Түзүк, түзүк деп күлсөм, түркмөн досум деп жүрсөм, 
Түркмөн кызга мен үйлөнүп түгөй болом деп жүрсөм.

Кайырма:

Ороо, ороо дан толсо, орус кызыман болсо, 
Орок оргон жубайым орус кызынан болсо. 
Өзүм, өзүм дей берсе, өзбек досум бир келсе, 
Өзүбүздөн өтөбү деп өзбек кызын берсе.

Кайырма:

Уйгур досум лагманы лагмандардын балбаны, 
Уйгур кызга үйлөнөйүн үзүп, үзүп калганы. 
Кариз досум эт коёт, капа болбо деп коёт, 
Кариз кыздын сулуулугунун дидарына ким тоёт? 

Кайырма:

Дуңган досто сөз болбойт, жумуш десең жөн койбойт. 
Дуңган кызга үйлөнгөндөр өмүр бою кор болбойт.
Кыр-кырына көз жетпейт, кырман толо сөз жетпейт, 
Кызыктырган дайыма кыргыз кызына жетпейт.

Кайырма:
Категория: Песни на кыргызском |
Просмотров: 1056 | Теги: Султан Садыралиев | Рейтинг: 0.0/0