Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Түгөлбай Казаков "Эстелик"
Биз турмушта аталардан кеч келип, Тээ батыштан согуш отун кечпедик. А аталар төрөлө элек биз үчүн, Кала берди танк алдында тепселип. Биз турмушта агалардан кеч келип, Тээ алыстан адам канын кечпедик. А агалар жаңы баскан биз үчүн, Кала берди танк алдында тепселип. Өткөн согуш кан майдандан сес берип, Турат бүгүн бардык жерде эстелик. Гүл ордуна койдум ушул ырымды, Аталарды, агаларды эскерип. | |
Просмотров: 7064 | | |