Главная » Тексты песен » Песни на кыргызском |
Текст песни Таалай Бектурганов "Сагыныч"
Балбылдап жанган чырагым элең, Жанымдай көргөн ынагым элең, Алыста жүрсөм, таштап сен кеттиң, Ардагым менин туруксуз белең. Кайырма: Азыр да ойдо элесиң турат, Сагыныч отун өзүңө бурат, Эстесем өткөн күндөрдү, Көзүмөн жашым агат, куюлат. Андан бери күндөр өттү уланып, А мен болсо жүрөм сени сагынып, Жүрөгүм сыздап кетет сени ойлосом, Унутпай эстей жүргүн мени дагы. Кайырма: Сүйгөнүм, мен тагдырга таарынбаймын, Сүйбөсөң – сүйчү деп жалынбаймын, Күтөмүн, күтө берем махабатым, Сүйгөнмүн, сүйчү элем сени дагы. Кайырма: | |
Просмотров: 3358 | | |